Никита Хрущёв
| Хрущёв Никита Сергеевич | |
| Партиясы: | Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы |
|---|---|
Никита Сергеевич Хрущёв (3 (15). 4. 1894, Курск губерниясы, Дмитриев уезд, Калиновка кыш. - 11. 9. 1971, Москва) - советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер. КПСС БКнын 1-секретары (195364), СССР Министрлер Советинин төрагасы (1958-64), Советтик Союзунун Баатыры, үч жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры.
- Жарандык согушка (191820) катышкан, согуштан кийин Донбасста жана Киевде чарбалык жана партиялык иштерде иштеген.
- Донецк индустриалдык институтун (1922), Москвадагы өнөр жай академиясын (1929) окуган.
- 1931-32-ж. ВКП(б) Бауман, Красная Пресна райкомдорунун 1-секретары,
- 1932-38-ж. ВКП(б) Москва шааркомунун жана обкомунун 2-, 1-секретары,
- 1938-47-ж. ВКП(б) Киев обкомунун, Украина КП БКнын 1-cекретары,
- 1944-47-ж. Украина Министрлер Советинин төрагасы,
- 1947-49-ж. Украина КП БКнын, 1949-53-ж. ВКП(б) Москва обкомунун 1-секретары болуп иштеген.
- Хрущёвдин башкаруу мезгилинде саясий камактагылар эркиндикке чыккан. Идеол. цензуранын таасири төмөндөгөн. Советтик Союзу космосту багындырууда чоң ийгиликтерге жетишкен. Курулуш иштери күч алып, турак жайлар салынган.
Хрущёв ишинде субъективизм менен волюнтаризмге жол берген. АКШ менен кансыз согуш күч алган. Анын Сталинди сындоо саясаты Кытай жана Албания менен болгон мамиленин бузулушуна алып келген. 7 Ленин, 1-, 2-даражадагы Суворов, 1-даражадагы Кутузов, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Эмгек Кызыл Туу жана чет элдик орден, медалдар менен сыйланган.
Ысмы Киевдеги стадионго, көчөлөргө, борбордук аянттарга берилип, Краснодар крайынын Гулькевич районундагы чарбалардын бирине (2005) жа туулуп-өскөн айылына эстелик тургузулган (2009).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ФотоПризер. КСРБ жетекчилери (орусча)
- ФГБУ «Президентская библиотека имени Б.Н. Ельцина». Руководители советского государства (орусча)
| Кеңештик Социалисттик Республикалар Бирлигинин жетекчилери | ||
|---|---|---|
| КСРБ Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы (1922—1924) | Ленин Владимир Ильич1 (1922—1924) | |
| БККП(б) БК башкы катчысы (1922—1934) | Сталин Иосиф Виссарионович1 (1922—1934) | |
| БККП(б) БК/ КСРБ КП катчысы (1934—1953) | Сталин Иосиф Виссарионович1 (1934—1953) • Маленков Георгий Максимилианович (1953) • Хрущёв Никита Сергеевич (1955) | |
| КСРБ КП биринчи катчысы (1953—1966) | Хрущёв Никита Сергеевич (1953—1964) • Брежнев Леонид Ильич1 (1964—1966) | |
| КСРБ КП башкы катчысы (1966—1990) | Брежнев Леонид Ильич1 (1966—1982) • Андропов Юрий Владимирович1 (1982—1984) • Черненко Константин Устинович1 (1984—1985) • Горбачёв Михаил Сергеевич (1985—1991) | |
| КСРБ президенти (1990—1991) | Горбачёв Михаил Сергеевич (1990—1991) • Янаев Геннадий Иванович м.а (1991) • Горбачёв Михаил Сергеевич (1991) | |
| 1Кызматта учурунда каза болгон | ||